Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, бүгүн фракция жыйынында жетиштүү даярдыктын жоктугунан коалициядан чыгуу же чыкпоо тууралуу маселе күн тартибине коюлган жок. Эми кайра коюлар-коюлбасы белгисиз.
Кулов жергиликтүү шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразыланып, коалиция төрагалыгынан кеткенин жарыялаган. Андан кийин фракциясында айрым депутаттар коалициядан чыгуу тууралуу кол топтой баштаган.
“Ырыс алды - ынтымак” коалициясы ушул жылы сентябрь айында Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан түзүлгөн болчу. (EBM)