Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Аба ырайы: шашылыш кабар


Кыргызстанда 30-ноябрдан 2-декабрга чейин жааган кардан улам Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265чу чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90чу чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150чү чакырым ), Ала-Бука – Каныш-Кыя (65-100чү чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

1-декабрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусунун көпчүлүк жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоо жолдордо кар көчкү коркунучу көбөйөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7... -12 , күндүз 0... -5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -7… -12, күндүз 0…-5 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз - 1…+4 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн - 1... -6, күндүзү 0 ...+5 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8... -13, күндүз -4... +1 градус, Нарын облусунда түнкүсүн - 9... -14, күндүз -2... -7 градус болот.

1-декабарда Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус суук, күндүз 0…-2 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG