Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:11

Түштүктө мамлекеттик фонддун жери ижарага аукцион менен берилет


Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мамлекеттик фонддун жери ижарага аукцион аркылуу гана берүү башталат. Бул Укукту жана ишкерликти өнүктүрүү жана ЛАРК фонддору, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун биргелешкен долбоорунун негизине ишке ашууда. Анын алкагында, айылдардын чектерин так аныктап, талаш-тартыштарды натыйжалуу чечүү үчүн 30 айыл өкмөтү компьютер жана GPS жабдуулары менен камсыз болду.

Долбоор жерден түшкөн каражатты көбөйтүү менен айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган жерди башкаруудагы проблемаларды чечүүгө багытталган. Айыл чарба министрлиги мындай тажрыйбаны башка облустарда да жайылтуу жагын караштырып жатат. Бул тууралуу ЛАРК фондунун өкүлү Азамат Качиев маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG