Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Жапон премьери Москвага декабрда келбей калды


Жапониянын өкмөт башчысы Юшихо Нода бейшемби күнү Хоккайдо аралындагы расмий кездешүүдө визиттин кийинге калганы “Путиндин ден соолугуна байланыштуу” деп айтканын жапондордун Kyodo жана Jiji агенттиктери кабарлады. Сапар декабрда болмок.

Өткөн жумада Беларус президенти Александр Лукашенка "Ройтерс" агенттигине курган маегинде Орусия президенти дзюдо менен машыгып жатып, белин оорутуп алганын айткан. Владимир Путиндин өкүлү Дмитрий Песьков жума күнү жасаган билдирүүсүндө өлкө президенти октябрда белин кокустатып алганын ырастап, “Путиндин жарааты оор экен” деген сыяктуу маалыматтарды “көбүртүп-жабыртуу” деп атады. Песьковдун билдиришинче, Путин Жапонияга январда барышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG