Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Айылдык китепканалар үчүн китеп чогултуу акциясы башталды

Борбор Азиядагы Америка университети “Айылдык китепканага китеп белек кыл!” аттуу кайрымдуулук акция баштады. Аталган окуу жайдан кабарлашкандай, акциянын максаты элет жериндеги китепканаларды жаңы басылма, китеп-журналдар менен камсыздоо проблемаларына коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет. Учурда аймактардагы китепканаларда китептер жедеп эскирип, фонду бөксөрүп калган, жаңы басылмалар дээрлик алынбайт.

Китеп чогултуу акциясы 10-декабрга чейин уланмакчы. Уюштуруучулар 28-ноябрдан бери жүздөй китеп чогулганын кабарлады. (EBM)
XS
SM
MD
LG