Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

ICG Кыргызстандын коопсуздук кызматтарын күнөөлөдү


Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик топтун (ICG) билдиришинче, 17-ноябрда Ош шаарында топтун талдоочусунун машинесин коопсуздук комитетинин атын айтуудан баш тарткан кызматкери мыйзамсыз тинтип, суракка алган. Эксперттин компьютери, дептери, дагы башка буюмдары тартып алынган, адвокат чакыртылган эмес. Талдоочу менен жолуккан адам укугун коргоочулар жана башка адамдар опузаланган. Тартып алган буюмдарын кайра кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Эл аралык кризистик топтун 30-ноябрдагы билдирүүсүндө мыйзамсыз бул иш боюнча баш прокурордун Оштогу кеңсесине расмий түрдө дат жөнөткөнү, президент Алмазбек Атамбаевден Улуттук коопсуздук кызматынын ишин териштирүүнү сураганы айтылат.

XS
SM
MD
LG