Тегерандын билдиришинче, аскерий чабуул өлкөдө уранды байытууну токтото албайт.
Чабуулдан талкаланган уран байытуучу центрифугалар кайра оңдолуп, пайдаланууга берилерин Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭдеги чабарманы Али Асжар Султанейи билдирди. Ал билдирүүнү МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин Венадагы жума күнкү жыйынынан кийин жасады жана агенттиктен Ирандын ядролук программасынын аскерий багыттагы долбоорлорун текшерүүнү тез токтотууну талап да кылды.
Султанейинин сөзү 13-декабрда МАГАТЭ менен Иран бир мунасага келет деген үмүттү таш каптырышы мүмкүн. 13-декабрда Тегаранда эки жак кездешип, МАГАТЭнин Иранга ядролук ишмердүүлүгү боюнча жолдогон суроолору талкууланат.