Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Иорданиялыктар өкмөткө нааразы жүрүшкө чыкты


Жума күнү Аманда 15 миңдей адам премьер-министр Абдалла Нусрдын кызматтан кетүүсүн жана өкмөттү реформалоону талап кылышты. Иорданияда 12-ноябрдан бери турмуш-тирикчиликке керектелчү газдын наркы эки эсеге чукул, күйүүчү май 33 процентке кымбаттаган. Өкмөттүн түшүндүрүшүнчө, газ жана бензиндин баасы бюджетке жетпеген 5 миллиард долларды жабуу үчүн жогорулатылган. Премьер-министр Нуср керектөөчүлөрдүн ашыкча чыгашасын жабуу үчүн жарандарга жыл эсебинен 140 доллар көмөк пул төлөөнү сунуш кылды. Демонстранттар өкмөттүн сунушун жактырбай: "Жалчыбаган динар менен оозубузду жаба албайсың”,- деп кыйкырып жатышты. Күйүүчү май кымбаттай турганы жөнүндө ай башында жарыялангандан кийинки нааразылык кезинде бир адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG