Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Тажикстанда “Азаттыктын” тажик тилиндеги сайты жабылды


Бул маалыматты өлкөнүн байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров “Азия плюс” порталына курган маегинде бышыктады. Бир күн мурда Тажикстанда Facebook жабылган эле. Зухуровдун айтышынча, “жарандар Тажикстандын кызыкчылыгына ылайыксыз маалымат тараткан агенттиктердин ишине кооптонуусун билдиргенден” улам “Азаттыктын” тажикче сайты жабылыптыр.

Бул кадамды “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стив Корн “ачык цензура”, “сөз эркиндигине каршы чабуул” деп мүнөздөдү.

Быйыл тажик бийликтери YouTube, BBC, Asia Plus, ошондой эле кээ бир орусиялык маалымат булактарын Тоолуу Бадахшан облусунда болгон тополоңдон кийин убактылуу жапкан болчу.

XS
SM
MD
LG