Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:08

Ооганстан: Талиптердин акча камсыздоочусу кармалды


Бул иш үчүн Мухаммед Хашим өзүнүн “Рахат” деп аталган соода компаниясынын Ирандагы жана Пакистандагы акча алмаштырчу жайларын пайдаланган. Акча Гелманд провинциясынын наркобарону деген лакап атка конгон талиптердин башчысына үзбөй жөнөтүлүп турган. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлиги маалымдады. Мухаммед Хашимдин ысмы өткөн жумада Улуттар Уюму менен АКШ санкция салчу адамдардын тизмесине киргизилген.

Хашими Ооганстандын түштүгүндө жакында НАТО жана Ооганстандын коопсуздук күчтөрү чогуу өткөргөн операция кезинде кармалганын НАТОнун өкүлү жума күнү ырастады. 2014-жылы НАТОнун көп улуттуу аскерлери өлкөдөн чыгып кеткенде, коопсуздукту Ооган күчтөрү камсыздап калат.

XS
SM
MD
LG