Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:59

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу бар


Кыргызстанда 1-4-декабрда жааган карга байланыштуу Бишкек-Ош жолу (121-137, 198-265-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90), Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу (45-90, 145-150), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100чакырымы) жолдорунда кар көчкү, кар күрткүсү жүрүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү коркунучу бар аймактарда машинелер арасында 500 метр аралык сактоо сунушталат.
 
2-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден,
Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  -12... -7 ,түндүгүндө -15 ... -10, күндүз  +3... -2 градус, Талас облусунда түнкүсүн  -14… -9, күндүз  -3…+2  градус,  Баткен облусунда түнкүсүн  -9…-4,  күндүз  +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн   - 8... -3, күндүзү  -+2 ...+7 градус,  Ысык-Көл облусунда түнкүсүн   -9... -4, чыгышында -13 ... -8, күндүз -2... +3, чыгышында -5 ... 0 градус, Нарын облусунда түнкүсүн - 18... -13, күндүз -6...  -1 градус болот.

2-декабрда Бишкекте жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-7 градус суук, күндүз  -1…+1 градус болот.

 

XS
SM
MD
LG