Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Кыргызстандыктар ымыркайлардын өлүмүн кыскартуу форумуна катышат


Кыргызстандык делегат ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга багытталган Санкт-Петербурдагы 2-эл аралык форумга катышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 4-6-декабрда өтө турган форумда ымыркайларды инфекциялык жана мите ооруларынан сактоонун жолдору тууралуу илимий көз краштар жана тажрыйбалар ортого салынат. Кыргызстандан бара турган 19 кишиден турган делегатта Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы педиатры Элнура Боронбаева жана башкалары бар.

Кыргызстанда чарчап калган 1 жашка чейинки ымыркайлардын 64 пайызы төрөткө чейинки, учурундагы жана кийинки күндөрдө катталат. Андан кийинки орунда өлүмгө себеп болгон дем алуу органдарынын оорусу, ал эми инфекциялык жана мите оорулары өлүмгө алып келген төртүнчү катардагы илдет болуп эсептелет. (AKu)

XS
SM
MD
LG