Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Дамаскиде интернет жана мобилдик байланыш кайра иштей баштады


Сирияда интернет өчүп калганын бүтүн дүйнө боюнча онлайн-байланыштын ишине байкоо салган Akamai уюму көрсөткөн
Сирияда интернет өчүп калганын бүтүн дүйнө боюнча онлайн-байланыштын ишине байкоо салган Akamai уюму көрсөткөн
Маалымат агенттиктери билдиришкендей, бүгүн Сириянын баш калаасында интернет жана мобилдик байланыш кайра иштей баштады.

Сириянын өкмөтү куралдуу оппозиция бири-бири менен байланыша албашы үчүн интернет жана чөнтөк телефон байланыштарынын ишин токтотууга кызыкдар болушу мүмкүн деген сөздөр айтылган. Бирок расмий Дамаск өзү байланыштын үзгүлтүккө учурашын "террористерден" көрөөрүн билдирген эле.

Ал арада Дамаскинин аэропортунда өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулардын атышууларынын айынан бир топ эл аралык аба каттамдары учактарын жибербей калышты. Өкмөттүн аскерлери бүгүн баш калаанын четинде аэропортко жакын жайгашкан райондордун бирине чабуул коюшканы да айтылууда.

Бул өлкөдө президент Башар ал-Асадга каршы чыккан козголоңчулар менен өкмөттүк аскерлердин кандуу кагылыштары 20 айдан бери уланууда.

XS
SM
MD
LG