Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Кубанчыбек Ташбалтаев билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Ленин райондук сотунда 30-ноябрда Нариман Түлеевдин үстүнөн сот жараяны башталды. Алгачкы отурумда Түлеев коюлган айыпты моюнуна алган жок.
Соттук жараянда Түлеев менен бирге айыпталуучу катары Бишкек мэриясынын мурдагы 5 кызматкери да суралууда. Аларга Түлеевдей эле 2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айып тагылган.
Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Нариман Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган.(BkA)