Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Бишкекте илбирсти сактоо боюнча эл аралык кеңешме өтүүдө


Бул тууралуу Токой чарба жана жаратылышты коргоо агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти. Анда илбирстерди сактоонун көйгөлөрү жана биргелешкен чаралары талкууланууда. Кеңешмеге илбирс байырлаган Кытай, Непал, Индия, Пакистан, Орусия сыяктуу 12 өлкөнүн жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле кеңешмеде кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен 2013-жылы Бишкекте өткөнү жаткан илбирстерди сактоо боюнча эл аралык форумду уюштуруу маселелери да каралат.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 20 жыл мурун миңге жакын илбирс бар болсо, азыр алардын 300дөйү калган.(BkA)

XS
SM
MD
LG