Кулчулукту жою күнү сексуалдык эксплуатация, жаш балдарды жумушка салуу, мажбурлап үйлөндүрүү жана жаш балдарды согушка катыштыруу өңдөңгөн заманбап кулчулукка коомчулуктун көңүлүн буруу максатында белгиленет. Бириккен Улуттар уюумунун эсебинде, дүйнөдө бүгүн 21 миллиондой адам кул болуп күн өткөрүүдө жана алардын жарымынан ашыгы аялдар менен балдар. Жаш кыздарды күчтөп күйөөгө беришет, сексуалдык күңгө айландырышат, үй кызматында пайдаланышат. Жаш балдар ошондой эле шахталарда иштеп, уулуу чаң менен дем алышат, башкаларын уурдап кетип, колуна курал берип, киши өлтүрүүгө жана адамдарды кыйноого мажбурлашат.
Эл аралык миграция уюмунун эсептөөлөрүнө караганда, Кыргызстанда жылына 5 миңге жакын жаран ар кандай жол менен кулчулукка туш болот. Алардын ичинен эмгек кулчулугуна дуушар болгондор - Орусия менен Казакстанда, ал эми сексуалдык кулчулукка Түркия жана Араб Эмираттарына сатылган учурлар арбын.