Ирандын Мехр кабар агенттиги маалымдаганга караганда, Иранда туулган, Канадада туруктуу жашаган 37 жаштагы Саеед Малекпурдун жазасы түрмө мөөнөтү менен алмаштырылат. Програмдоочу 2008-жылы катуу болуп аткан атасын көргөнү келгенде камакка алынган. 2010-жылы «чоңдорго ылайыкталган интернет сайттарын ойлоп таап, ишин алып барган» жана «Исламдын ыйыктыгына шек келтирди» деген кине менен өлүм жазасына кесилген. Малекпур ал ойлоп тапкан Интернетке сүрөт жайгаштыруучу программаны башкалар андан уруксат сурабастан, порнографиялык сайттарды түзүүгө колдонгон» деп айткан. Феврал айында Европа Биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон Иранды Малекпурдун өлүм жазасын өзгөртүүгө чакырган эле.