Сириянын мамлекеттик маалымат каражаты менен катар оппозициячыл активисттердин билдиришинче, бүгүн Хомс дубанындагы мечиттин сыртында машинадагы бомба жарылганда, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Сириянын САНА кабар агенттиги 15 киши курман болгонун, 24ү жараат алганын маалымдады.
Сириядан келген кабарларды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес. Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму ошондой эле бүгүн Сирия күчтөрү Дамаскинин жанында козголоңчулардын турумдарын аткылап, абадан сокку ургандыгын кабарлады. Уюм кечээ ишембидеги согуш аракеттеринде 182 киши, анын ичинде 76 козголоңчу, 68 карапайым тургун, 38 өкмөттүк аскер өлтүрүлгөнүн билдирген.