Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:13

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк жыйынга чогулат

Бүгүн Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк жыйынга чогулуп, келерки жылдын бюджетин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” коалицияга кирген Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кабарлады. Анын айтымында, бүгүн коалициялык кеңештин жыйынын да өткөрүү мерчемделүүдө. Анда парламенттик көпчүлүктүн жетекчилигинен кеткенин жарыялаган “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун арызы, коалициянын туруктуруулугу тууралуу маселелер каралышы мүмкүн.

“Ырыс алды - ынтымак” коалициясын жетектеп келген Феликс Кулов өткөн аптада жергиликтүү кеңештерге шайлоолор таза эмес өттү деп, кызматын тапшырарын билдирген. (KKs)
Куржундар
XS
SM
MD
LG