7-апрель окуялары боюнча айыпталуучулардын адвокаттары ишти кайрадан тергөө өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышты. Айыпталуучу тараптын адвокаттарынын бири Абдыкерим Ашыровдун “Азаттыкка” кабарлашынча, бул өтүнүчтү сот 5-декабрда караганы турат. Жактоочулар тергөө маалында тиешелүү процедуралар бузулду деп жатышат.
Ишти кайрадан тергөө өтүнүчүн алгачкы эки инстанция четке каккан. Апрель окуяларынын жабырлануучулары болсо адвокаттардын бул кадамын соттук жараянды атайын создуктуруу аракети катары баалашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариев билдирди. (KKs)