Бүгүн Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагындагы маселелерди талкуулоого багытталган жумалык башталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жумалыкта жана анын соңунда өтө турган 13-саммитте улуттук “Ден соолук” программасын ишке киргизүү механизмдери иштелип чыгат.
2012-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилди камтыган “Ден соолук” программасы негизинен жүрөк, кан тамыр ооруларын айыктырууга жана кургак учук өңдүү социалдык илдеттерге каршы күрөшкө басым жасайт. Буга чейин калктын саламаттыгын сактоого багытталган «Манас» (1996 -2005 жж.) жана «Манас таалими» (2006-2011 жж.) деген программалар ишке ашырылган болчу. (KKs)