Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

БУУ Израилдин талаштуу аймакта үй куруу чечимин сындады


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израил палестиндер келечектеги мамлекетинин орду деп эсептеген өрөөнгө жөөттөрдүн үйлөрүн курса, аймактагы тынчтыкка “дээрлик өлүмгө тете сокку” урулат деп эскертти. БУУнун расмий билдирүүсүндө Израилдин бул аракети Чыгыш Иерусалимди Иордан дарыясынын батыш жээгинен толугу менен бөлүп салат деп сыпатталган. Буга чейин Израилдин соңку чечимин АКШ да сынга алган болчу.

Расмий Тел-Авив БУУнун Башкы ассамблеясында Палестинага “мүчө эмес байкоочу мамлекет” деген макам берилгенине жооп катары аталган аймакта жөөттөргө 3 миңдей жаңы үй курулаарын жарыялаган.

Кечээ БУУнун жалпы жыйынынан кайтып келген Палестина президенти Махмуд Аббасты жергиликтүү эл чоң салтанат менен тосуп алды. (KKs)

XS
SM
MD
LG