Сириянын өкмөттүк артиллериясы менен согуштук учактары Дамасктын чет жакасындагы көтөрүлүшчүлөрдүн күчтөрүнө сокку урду. Маалыматтарга караганда, Асаддын күчтөрү каршы тарапты Дамаск аэропортунан алыс сүрүп чыгууну жана алардын борбор калаага киришине бөгөт коюну көздөп жатат. Аба майданда коопсуздук чаралары начарлап кеткендиктен үч күндөн бери учактар учпай калган. Бүгүн айрым аба каттамдары кайра жанданат деп күтүлүүдө.
Мамлекеттик телеканалдын билдиришинче, жекшембиде Хомс шаарында жарылган машина 15 адамдын өмүрүн алды. Дагы 24 адам жарадар болду. (KKs)
Мамлекеттик телеканалдын билдиришинче, жекшембиде Хомс шаарында жарылган машина 15 адамдын өмүрүн алды. Дагы 24 адам жарадар болду. (KKs)