Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Хиллари Клинтон Европага сапар алууда


2013-жылдын башында кызматтан кетерин билдирген АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун Европага сапары башталууда. Ал бул апта ичи Брюсселде өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Анда Түркиянын америкалык “Патриот” реката системасын Сирия менен чектешкен аймагына жайгаштыруу өтүнүчү каралат. Мындан тышкары Клинтон Брюсселде Пакистан маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жума күнү ЕККУнун Дублиндеги жыйынына катышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG