Маркум журналист Алишер Саиповдун бир туугандары Озодбек, Шохрух жана Юсуф Саиповду кечээ кечинде белгисиз адамдар сабап кетишти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, жабырлануучулар Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышты.
Абдирасулова Саиповдорду сабады делген төрт адамдын арасында Өмүрбек Текебаевдин иниси Асылбек Текебаевдин уулу Азамат Текебаев бар экенин, анын телефону окуя болгон жерге түшүп калганын билдирүүдө.
Ички иштер министрлигинен окуя боюнча түнү бою оперативдүү иштер жүргүзүлгөнүн, Азамат Текебаев ички иштер бөлүмүнө алынып келингенин "Азаттыкка" тастыкташты.
Депутат Өмүрбек Текебаев болсо бул окуя боюнча маалыматы жок экенин “Азаттыкка” билдирди.
Журналист Алишер Саиповду 2007-жылдын 24-октябрында Ошто белгисиз бирөөлөр атып кеткен. (KKs)