Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын “Энергетика тармагын калыбына келтирүү” тууралуу макулдашуусун жактырды. Бул макулдашууга ылайык, атлаган банк 55 миллион доллар бөлөт. Анын 15 миллиону 1 үстөк пайыз менен 32 жылга насыяга берилет. Калган 55 миллиону кайтарымсыз каражат болуп эсептелет.
Каражаттын дээрлик басымдуу бөлүгү (40 млн. доллар) Токтогул ГЭСиндеги электр жана механикалык жабдууларды жаңысына алмаштырууга жумшалат. Энергетика тармагындагы эсеп-кысап, каражатты сарамжал пайдалануу боюнча атайын борбор түзүлөт. Бул долбоордун алкагында плотиналардын коопсуздугу жана акыбалы изилденмекчи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)