Израил болочокку палестин мамлекетине караштуу жерлерде миңдеген турак-жай курса, региондогу тынчтык үчүн урулган оңолгус сокку болорун БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун эскертти. 2-декабрда БУУнун билдиришинче, жаңу конуштар Чыгыш Иерусалимди Батыш Иордандан "биротоло бөлүп салат".
Жума күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Палестин автономиясына “уюмга мүчө эмес мамлекет” макамын бергенден кийин, Израил өкмөтү басып алынган жерлерде 3 миң турак үй курарын жарыялаган.
2-декабрда премьер-министр Бенямин Нетаняху: "Бүгүн Иерусалимде жана Израил мамлекетинин картасындагы стратегиялык кызыкчылыгы бар бардык аймактарда курулуш жүрүүдө, курулушту уланта беребиз,"- деп билдирди.
Израил ошондой эле палестиндерге тиешелүү 100 миллион доллар салыкты алар карыз жөөт компаниясына чегерип койгону кабарланды.