Сириянын аскердик учактары жана артиллериясы көтөрүлүшчүлөрдүн Дамаскинин атарабындагы өңүттөрүнө сокку урушууда. Аскерлер адаватчыларды Дамаск аэропортунан биротоло артка сүрүп, ордо калаада алга жылдырбагандын камын көрүп жатканы кабарланууда. Египетэйр компаниясынын учактары Дамаск жана Алеппого дүйшөмбүдөн тарта каттай баштаары айтылууда. Үч күндөн бери аэропорт жабык болчу. 2-декабрда өлкө ортолуктагы Хомс шаарында автомобилге коюлган бомбадан 15 жаран курман болуп, 24 адам жараат алганын өкмөттүк булактар билдиришти. Жардырууну өкмөттүк САНА агенттиги “террордук чабуул” деп атады.