“Майыптардын энелери” коомунун мүчөлөрү бүгүн өкмөттүн, президенттин өкүлдөрү менен жолукту. Бирикменин башчысы Тамара Жумабекованын “Азаттыкка” билдиришинче, анда бийлик өкүлдөрү майып баласы бар энелерге айлык чектеп берүү маселеси каралып жатканын айтышкан.
Президенттин фондунан сенсордук бөлмө ачуу үчүн 630 миң сом бөлүнгөн. Жумабекова Кыргызстанда майып балдардын 10 гана пайызы мектепке барарын айтты. “Тоскоолсуз жашоо үчүн” партиясынын лидери Мирбек Асангариевдин маалымдашынча, жалпы 133 миңдей майыптын дээрлик 80 пайызы иш менен камсыз болгон эмес. (EBM)