Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Кыргызстанда кургак учукка чалдыккандар көбөйүүдө


"Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюму Борбор Азияда кургак учук миграциянын айынан көбөйүп жатканын маалымдады. 2010-жылы Кыргызстанда 430 адам миграциялык себептерден улам кургак учукка кабылса, былтыр 550дөй адамды түзгөн. Аталган эл аралык уюм бул илдетти какырыктан аныктоочу эки жаңы заманбап аппараттын бирөөсүн Бишкектеги №1 тергөө абагына, экинчисин Оштогу Кара-Суу райондук ооруканага орнотуп берген.

Кургак учуктун алдын алуу жана дарылоо маселелери боюнча бүгүн Бишкекте эки күндүк эл аралык симпозиум башталды.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстанда кургак учукту 5,5 миңден ашык адам жуктуруп алган. Был мурдагы жылга салыштырмалуу көбүрөөк.

Мындай илдетке кабылгандардын саны боюнча Чүй облусу биринчи орунда турат. Андан кийин Бишкек шаары менен Талас облусу эсептелет. Кыргыз түрмөлөрүндө кургак учук кеңири тараган. (EBM)

XS
SM
MD
LG