Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

Европа өлкөлөрү Батыш Иордандагы жаңы курулушка каршы


Британия, Франция жана Швеция Израилдин Батыш Иорданда жөөттөр үчүн 3 миң турак үй куруу чечимине нааразылык билдирди. Израилдин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Пол Хирчсондун маалымдашынча, турак жай куруунун зарылдыгын түшүндүрүү үчүн Париж, Стокольм жана Лондондогу элчилер Иерусалимге чакырылды. Дипломаттык нааразылык БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жаңы конуштарды куруу тынчтык орнотуу аракетине “урулган оңолгус сокку болот” деп эскерткенден кийин башталды.

БУУнун жекшемби күнкү билдирүүсүндө, жаңы турак үйлөрдүн курулушу Чыгыш Иерусалимди Батыш Иордандан биротоло бөлүп салат деп айтылат.

Жума күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Палестин автономиясына “уюмга мүчө эмес мамлекет” макамын бергенден кийин, Израил өкмөтү басып алынган жерлерде 3 миң турак үй курула турганын жарыя кылган.

Ошондой эле Палестин автономиясына салыктан түшчү 100 миллион долларды карызы үчүн израилдик компанияга чегерип бергенин билдирген.

XS
SM
MD
LG