Азербайжандын төрт жараны терроризмге байланышы бар жана чыккынчылык кылды деп айыпталып, 12 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылды. Сот аларды быйыл майда Бакуда болгон музыкант-ырчылардын “Евровидение” сынагы ачылар алдында террорчулук кылууну мерчемдеген жана Ирандын ыңкылапчыл гвардиясы менен байланышы бар деп тапты. Мурдараак өкмөттүк маалымат булактары жыл башында коопсуздук күчтөрү өткөргөн операция кезинде куралдуу террорчул уюмдун мүчөсү деп шектелген 40 чакты адам кармалганын билдирген.
Азербайжанда Ирандын коопсуздук кызматтары менен байланышы бар деп, кийинки айларда бир нече адам соттолгон.
Азербайжанда Ирандын коопсуздук кызматтары менен байланышы бар деп, кийинки айларда бир нече адам соттолгон.