Улуттар Уюму кооптуу кырдаалга байланыштуу Сириядан “бардык зарыл эмес эл аралык кызматкерлерин” чыгарып, Дамаскиде гана саналуу кызматкерлерди калтырарын билдирди. БУУнун гуманитардык жардамдарды координациялоо кеңсесинин маалымдашынча, ушул аптада Сириядагы 100 чамалуу кызматкердин 25и чыгарылып кетет; өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар арасындагы ок атышуулардан улам гумжардам тарткан автокербендерди күзөтүү үчүн кошумча дагы чопкуттуу автомобилдер керек.
Мурдараак Сирия өкмөтү өз букараларына каршы “эч кандай жагдайда, эч качан” химиялык куралдарды колдонбосун билдирген. Бул АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтондун дүйшөмбү күнү Прагадагы кездешүүдө непада президент Асаддын режими химиялык курал колдонсо, “кызыл чекти аттаган болот” деген сөзүнө берилген жооп болду.