Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Кытай премьери Вэн Цзябао Бишкекке келатат


Кыргыз тараптын чакыруусу менен бүгүн Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэн Цзябао расмий сапары менен Бишкекке келет. Өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Кытай премьери кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушат. Бул жолугушууларда экономикалык жана инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү, кен казуу жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү меморандумдар, техникалык-экономикалык кызматташтык жана Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого жеңилдетилген кредит берүү боюнча макулдашууларга кол коюлушу мүмкүн.

Вэн Цзябао 5-декабрда Бишкекте баштала турган Шанхай кыхматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына да катышат. (BuS/KKs)

XS
SM
MD
LG