АКШ президенти Барак Обама Сирия бийлигин көтөрүлүшчүлөргө каршы химиялык курал колдонуудан баш тартууга үндөп, “бул аракеттин кесепети болот” деп эскертти.
“Мен бүгүн Асад жана анын буйругу алдында иштегендерге ачык жеткиргим келет. Дүйнө көрүп турат. Химиялык куралды колдонуу таптакыр кабыл алынгыс. Эгер силер бул куралды колдонуп чоң ката кетирсеңер, анын кесепети болот”,-деди Барак Обама.
Бирок ал Асаддын бийлиги химиялык курал колдонсо, ага кандай жооп болоорун ачык айткан жок. Сирия өкмөтү болсо өз букараларына каршы эч качан химиялык курал колдонулбайт деп билдирген болчу. (KKs)