Ирандын башкы прокурору өткөн айда түрмөдө каза болгон блоггер Саттар Бехешти сабалганын тастыктады. Маалыматка ылайык, 35 жаштагы блоггер камалган күндөн тарта эле ур-токмокко кабылган. Бирок башкы прокуратура Бехешти сабоодон эмес, психологиялык катуу жабыркоодон каза болду деп эсептейт.
Блоггер Саттар Бехешти 30-октябрда кибер кылмышка шектелип кармалган. Төрт күндөн кийин Эвин түрмөсүндө каза болгон. Иран бийлиги блоггердин өлүмү боюнча жети адамды камакка алды. Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, Тегеран полициясынын кибер кылмыштар бөлүмүнүн жетекчиси кызматтан кетти. (KKs)