Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:16

Саиповдордун сабалышы боюнча кылмыш иши козголду


Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, 2-декабрда мушташка катышкан эки тараптан тең милицияга арыз менен кайрылуу болгон. Арыздын негизинде Кылмыш кодексинин «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мушташка катышкандар соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү, учурда тергөө иштери уланууда. Мушташка катышкандардан эч ким камакка алынган жок.

2-декабрда маркум журналист Алишер Саиповдун бир туугандары Озодбек, Шохрух жана Юсуф Саиповдорду белгисиз адамдар сабап кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Андан соң мушташка катышкан адамдардын арасында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иниси Асылбек Текебаевдин уулу Азамат Текебаев жана үч адам катышканы дайын болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG