Бул тууралуу «Азаттыкка» Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Жоробаев билдирди. Анын айтымында, 1-декабрда райондун борбору Казарман айылында 17 жаштагы өспүрүмдү аткан адам камакка алынды. Ал мурда үч жолу соттолгон 23 жаштагы аталган айылдын эле тургуну болуп чыкты.
Алгачкы маалыматтар боюнча, кылмышка шектелген адам түн ортосунда мас абалында эч себепсиз эле ок чыгарып, көчөдө өтүп бара жаткан 17 жаштагы өспүрүм жарадар болгон. Жабырланган өспүрүм учурда ооруканада дарыланууда, абалы дурус. Ал эми шектүү ок чыгарган курал 2010-жылы 6-апрелде Таластагы окуялар учурунда облустук милициядан уурдалган тапанча экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.(BkA\EBM)