Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао бүгүн кыргыз өкмөтүнүн башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, андан соң президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Бул жолугушууларда экономикалык жана инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү, кен казуу жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү меморандумдар, техникалык-экономикалык кызматташтык жана Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жеңилдетилген кредит берүү боюнча макулдашууларга кол коюлушу мүмкүн. Ошондой эле Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча да сүйлөшүүлөр болоору болжолдонуп жатат.
Вэн Цзябао 5-декабрда Бишкекте баштала турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына да катышат.
Вэн Цзябао 5-декабрда Бишкекте баштала турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына да катышат.