Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Кытай менен товар айлантуу 429 миллион доллар болду


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Кытай премьери Вэн Цзябао менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жолугушуусунда кыргыз тараптын тараткан маалыматында айтылды. Ал эми Кытай тарап товар жүгүртүүнүн быйылкы көлөмүн 2 миллард 1400 миллион доллар деп берүүдө.

Жолугушууда негизинен эки келишим, эки меморандумга кол коюлганы жатат. Алар - экономикалык жана инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү, кен казуу жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү меморандумдар жана экономикалык, инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү, техникалык-экономикалык кызматташтык жана Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого жеңилдетилген кредит берүү боюнча макулдашуулар.

Бүгүн Бишкекке Кытай премьери Вэн Цзябао расмий сапар менен келген.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG