Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Окуя бүгүн түшкө жуук болгон. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында көмүр чыккан шахта урап, андан өз алдынча көмүр казып жаткан 5 адам каза тапты. Каза болгон адамдардын сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыккан. Учурда алардын тек-жайы аныкталып жатат. (BkA)