Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Бишкек шаар кеңешине ат салышкан бир талапкерге иш козголду


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Бишкек шаардык кеңешине талапкер аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө пара берүүгө аракет кылган деп шектелүүдө. Анда шаардык кеңешке саясий партиялардан биринен талапкер Бишкектеги 2 мектептин жана бала бакчанын жетекчилерин өзүнө чакырып, 90 миң сом пара берген. Алар бул акчага аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн аталган талапкердин пайдасына иштөөгө көндүрүшү керек болгон. Бирок 24-ноябрда бала бакчанын жетекчиси, андан соң 29-декабрда мектептин деректирлеринин бири Башкы прокуратурага бул иш боюнча кайрылган. Мунун негизинде башкы көзөмөл орган 1-декабрда кылмыш кодексинин “пара берүү” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Прокуратура пара берүүгө шектелген талапкер жана ал мүчө болгон партия жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбай жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG