Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Сирия: Дамаскиге жакын жерде атышуу болуп жатат


Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан “Сириядагы адам укуктары үчүн” оппозициялык уюмунан билдиришкендей, атышуулар азыр Дамаскинин айланасындагы бир топ райондордо, аэропортко жакын жерде да жүрүүдө. Аталган уюмдун башчысы Рами Абдел Рахман: “Козголоңчулар шаарга киргенге катуу аркет көрүп жатышат, бирок азырынча ийгиликке жете элек”, - деди.

Негизи борбор калаанын айланасындагы конуштар президент Башар ал-Асадга каршы толкун былтыр мартта башталгандан бери эле оппозицияны колдоп келатышат. Сириядагы оппозиция менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда атышуулар башталгандан бери кеминде 40 миңдей адам өлдү.

XS
SM
MD
LG