Жолугушууда Атамбаев эки өлкө ортосундагы алака жылдан-жылга өнүгүп жатканын белгилесе, Кытай премьери Кыргызстанды колдоого даяр экенин билдирди.
Алмазбек Атамбаев ага чейин Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Өзбекстандын вице-премьер-министри Руслан Азимовду кабыл алган.
Кыргыз президенти эртең Орусия, Казакстан, Монголия өкмөт башчылары жана Ирандын вице-премьери менен жолугат
5-декабрда Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити башталат. Ага Кытайдын премьери Вэнь Цзябао менен катар Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Серик Ахмедов, Тажикстандын өкмөт башчысы Акил Акилов жана Өзбекстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, финансы министри Рустам Азимов катышат. Ошондой эле уюмга байкоочу өлкөлөрдөн Монголиянын өкмөт башчысы Норовын Алтанхуяга, Ооганстан жана Ирандын вице-президенттери, Индия, Пакистандын өкмөт мүчөлөрү келишет.Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, аталган коноктордун дээрлик бардыгы Бишкекке келишти. Эң кеч болуп Орусиянын премьер-министри бүгүн түнү менен келээри күтүлүүдө.(BkA)