Египеттин полициясы исламчыл президент Мухаммад Мурсиге каршы Каирдеги президенттик резиденциянын алдына чогулгандарды көздөн жаш чыгарчу газ чачып таркатты. Бүгүн ал жерге чогулган бир нече миң адам “Эл бул режимдин кулашын каалайт!” деген ураан чакырып, полициянын тосмолорун бузушкан. Ушул эле күнү дагы бир нече миң киши борбордогу “Тахрир” аянтына да демонстрацияга чыккан.
Соңку нааразылык толкуну президент Мурси өзүнүн укуктарын кеңейткен жарлык чыгарганда тутанды. Эл былтыр президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан ыңкылаптын жетишкендиктерин азыркы мамлекет башчысы жокко чыгарды деп нааразы болуп жатат.
Мурси 22-ноябрдагы ал жарлыгынан кийин Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча долбоорду 15-декабрга белгилеген элдик референдумга койду. Конституциянын долбоору азыр бул өлкөдө исламчылар басымдуулук кылган жетекчилик менен дүнүявий оппозициянын идеологиялык ири карама-каршылыгына себеп болууда.