Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Караколдогу абакта ачкачылык акциясы уланууда


Каракол шаарындагы 23-тергөө абагында кармалган 64 адам эртең мененки тамактан баш тартты. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарованын “Азаттыкка” кабарлашынча, ачкачылык жарыялагандар тергөө абагындагы айрым камераларды ачууну, тамак-ашты, кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылышууда. Нааразылык билдиргендердин басымдуу бөлүгү чай ичип, көпчүлүктүн пикирин колдоо үчүн гана ачкачылык кармаганын айтышууда.

Жергиликтүү укук коргоочулар ачкачылык акциясына түрмөлөрдөгү шарттын начардыгы жана кыйноо фактылары себеп болушу мүмкүн деп билдиришүүдө. Кечээ ачкачылык жарыялагандардын саны 79га жеткен болчу.

Ушул жылдын башында Кыргызстандын бир катар түрмөлөрүндө ачкачылык акциясы өтүп, Бишкектеги тергөө абагында башаламандык чыккан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG