Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Ага катышуу үчүн кечээ орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Кытай премьер-министри Вэн Цзябао, Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов, тажик премьери Акил Акилов, Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов Бишкекке келди. ШКУнун жыйынына Монголия, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиянын жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү байкоочу катары катышат.
Өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, өкмөт башчылардын жыйынында эки меморандумга жана бир катар чечимдерге кол коюлат. Мындан тышкары уюмдун бюджети, бир жылдык иши боюнча отчет угулуп, 2013-жылга долбоор каралат. Ошондой эле 2012-2016-жылдар аралыгында ишке ашырыла турган долбоорлор талкууга алынат. Алардын катарында соода-экономикалык байланышты жакшыртуу, маданий-гуманитардык жана банктар аралык кызматташтык, университтер аралык байланышты кеңейтүү маселелери бар. Бүгүнкү жыйында 2013-жылы Бишкекте өтө турган ШКУ президенттеринин саммити үчүн күн тартиби да түзүлөт. (KKs)