Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Кыргызстан Кытайга ГЭС курууну сунуштады


Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Кытайдын премьери Вэн Цзябао менен кечээки жолугушуусунда өлкө түндүгүндөгү Сары-Жаз дарыясына биргелешип ГЭС каскадын курууну сунуштады. Ал үчүн эки тараптуу жумушчу топ түзүлүп, өкмөттөр аралык кеңештин кийинки жыйынына бул маселени алып чыгуу демилгесин көтөрдү. Өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиевдин кабарлашынча, Кытай тарап да бул долбоорго кызыкдар экенин белгиледи.

Эки премьердин кечээки жолугушуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын соңуна чейин иштелип чыгаары белгилүү болду. Келерки жылдан тарта темир жол курулушун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөр башталмакчы. (EBM/KKs)

 

XS
SM
MD
LG