Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Египет президентине “акыркы эскертүү” берилди


Шейшембиде Каирдеги президенттик резиденциянын алдына он миңдеген демонстрант өлкө башчысы Мухаммед Мурсиге каршы митингге чыкты. Полиция сарайга жакын чогулгандарды көздөн жаш чыгаруучу газ менен таркатты. Демонстранттар президенттин исламчыл өнөктөштөрү тарабынан жактырылган конституциянын жаңы долбооруна жана Мурсинин өз бийлигин кеңейтишине каршы чыгууда. Алар кечээки ири массалык акцияны "акыркы эскертүү" деп белгилешти. Айрым маалыматтарга ылайык, Мухаммед Мурси митингден улам резиденциядан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Мурсиге каршы митингдер Каирдин Тахрир аянтында жана Александрия шаарында да өттү. (KKs)

XS
SM
MD
LG