Бүгүн Түркмөнстандын борбору Ашхабадда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн президенттери жыйынга чогулат. Саммит уюмга мүчө 11 өлкөнүн ортосундагы экономика жана коопсуздук жаатындагы кызматташууга арналат. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бул саммитке катышпайт. Буга Бишкекте өтө турган ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйыны, Кытай премьери Вэн Цзябаонун Бишкекке расмий сапар менен келиши себеп болду.
Ашхабаддагы саммит орус президенти Владимир Путиндин бул аптадагы Түркиядан кийинки экинчи чет өлкөгө сапары болуп калат. Соңку эки айда Путин тышкы сапарларга көп чыккан эмес. Кремль 60 жаштагы президенттин ден-соолугуна байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет. (KKS)